26.04.2018 16:43

Өмүрбек Текебаев кайрадан видео көзөмөл  алдында

Өмүрбек Текебаев кайрадан видео көзөмөл  алдында

№47 түзөтүү абагында  жаза өтөп жаткан мурунку депутат Өмүрбек Текебаев кайрадан байкоого алынды. Бул маалыматты  April.kg порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан тастыкташты. 

Видео көзөмөл кайсы күнү коюлганы так айтылбайт.  ЖАМКтан билдиришкендей, бул чара мурунку депутат камерада жалгыз калган үчүн, анын коопсуздугун камсыздоо максатында жасалган.  

Мурдараак депутаттын тарапташтары бул жорукту адамдын кадыр-баркын тебелөө жана кыйноо деп баалашып, көзөмөлдү алып салууну суранышкан. 11-апрель күнү андагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун сунушу менен көзөмөл алынган болчу.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев жана КР Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын февралында РФ жараны Леонид Маевскийден «Мегаком» компаниясынын акцияларын сатып алууга көмөктөшүү үчүн бир миллион доллар пара алган деп шектелип, кармалган болчу. 

21-ноябрда Жогорку Сот райондук жана шаардык соттордун эки саясатчыны мүлкүн алып коюу менен 8 жылга кесүү чечимин күчүндө калтырган. Саясатчылар өздөрү жана алардын тарапташтары бул ишти саясий куугунтук катары баалашат.